ЖКнын тармактык комитети Тышкы иштер министрлигинин 2013-жыл боюнча отчётун кароону башка күнгө жылдырды
Бүгүн,
10-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитетинде Тышкы иштер
министрлигинин 2013-жыл боюнча отчёту каралмак. Бирок айрым депутаттар документ
кеч таратылганын, аны менен дыкат таанышып чыгууга мүмкүн болбогонун
айтышты. Маселени башка күнү кароо сунушун киргизишип, көпчүлүк депутаттар
колдошту.
Тышкы иштер
министри Эрлан Абдылдаев материал Жогорку Кеңешке 31-январда эле жөнөтүлгөнүн
айтты.