Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев баштаган депутаттар тобу А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына барат. Муну бүгүн, 10-февралда парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Чыгармачыл жамаат менен жолугушууда коюлган спектаклдердин сапатын жакшыртуу, театр кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселелери талкууланмакчы.
Жолугушуу 11-февралда саат 15:00дө башталат.