Кыргызстандын чек арасынан өткөн чет өлкөлүк автоунаалар үчүн акча алына баштайт

Депутаттар өлкөгө кирген чет өлкөлүк автоунаалар үчүн төлөм белгилөө маселесин кароодо. Мындай маселе бүгүн, 10-февралда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында талкууланды.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атажанов баяндама жасап, бир катар мыйзамдарга толуктоо киргени жатканын айтты. Буга барган сайын автоунаалардын саны көбөйүп, автоунаалар бөлүп чыгарган газдан абанын булгануусуна каршы иш-чараларды жасоого акчанын келип түшүүсүн көбөйтүү зарылдыгы себеп болуп жатыптыр. Тактап айтканда, чек арадан өткөн чет өлкөлөрдүн автоунаалары үчүн 500 сомдон акча төлөтүү сунушталууда. Мындан түшүүчү каражат 1,1 миллиард сомду түзүшү мүмкүн экени айтылды.

Комитет мүчөлөрү демилгени колдоого алышты. Бир катар чет өлкөлөрдү мисал кылышып, киргизилип жаткан төлөмдүн тарифин жогорулатып, жеңил унааларга 1000 сом, оор жүк ташуучу унааларга 2000 сом деп белгилөөнү сунушташты. Мыйзам долбоору 3-окууда кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан