Мамлекеттик каттоо кызматы 3 жыл ичинде республикалык бюджетке 2,5 миллиард сом которду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдайт. Аталган кызматка 2013-жылы салык катары 1 061 882,5 сом түшкөн. Бул 2012-жылга салыштырмалуу 200,7 миллион сомго көп. Маалыматка ылайык, өткөн жылы киреше салыгынан 43,9 миллион сом, атайын каражаттардан 9,6 миллион сом, кошумча нарк салыгынан 77,8 миллион сом, сатуудагы салыктан 14,9 миллион сом, мамлекеттик алымдан 915,5 миллион сом түшкөн.