Түндүк-түштүк кошумча унаа жолунун курулушу март айында башталат

Кыргызстанда түндүк-түштүк кошумча унаа жолунун курулушу 2014-жылдын март айында башталат. Муну бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо жана изилдөө институтунун директору Жамшит Калилов билдирди. Айтымында, жол Жалал-Абаддан Казарманды көздөй курула баштайт. 
 “Жолдун курулушу 3 этап менен бүтөт. Биринчиси – Жалал-Абад – Казарман, экинчиси – Казарман – Арал, үчүнчүсү – Арал – Балыкчы. Биринчи бөлүк үчүн 400 миллион доллар жумшалат, ал акча бар. Учурда экинчи этап үчүн каражат караштырып жатабыз, анткени убакыт чектелүү. Курулуш иши тынымсыз уланышы керек”,- деди Калилов.  
Айта кетсек, түндүк-түштүк кошумча унаа жолу 5 жылдын ичинде бүтүп, колдонууга берилет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан