Жогорку Кеңештин комитети 3 миң сом алган "Кыргызгидрометтин" кызматкерлеринин маянасын карап чыгуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Бюджет жана каржы маселелери боюнча ЖК комитетинин жыйынында Курманбек Дыйканбаев “бул маселени карап чыгуу үчүн өкмөткө кайра жиберебиз” деп билдирди. Комитеттин мүчөлөрү бул сунушту колдоп беришти.