Түндүк-түштүктү бириктирген жаңы трассада заманбап үлгүдөгү 2 тоннель болот

Кыргызстанда курула турган түндүк-түштүк кошумча унаа жолунда заманбап үлгүдөгү 2 тоннель болот. Муну бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо жана изилдөө институтунун директору Жамшит Калилов билдирди. Айтымында, биринчи тоннелдин узундугу 3700 метр, экинчиси 700 метр болот.
"Көк-Арт ашуусуна (картада көрсөтүлгөн) курула турган тоннель деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктиктен орун алат. Ал эки көздүү болот, башкача айтканда, кокус биринде оор жүк ташуучу унаа бузулуп же бир кырсык болсо, жол кыймылына тоскоолдук жаралбайт. Унаалар катар жайгашкан тоннель менен өтө беришет. Өрт коопсуздугу, желдеткич системдери каралып, заманбап тоннель болмокчу",- деди Калилов. 
Айта кетсек, бул жолдун биринчи бөлүгүн курууга 400 миллион доллар жумшалууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан