Жамшит Калилов: “Түндүк-түштүктү бириктирген жаңы трассада Ош - Бишкек жолундагыдай коркунуч болбойт”

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктире турган кошумча унаа жолунда Бишкек - Ош жолундагыдай табият кырсыктары болбойт. Муну бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо жана изилдөө институтунун директору Жамшит Калилов билдирди. Калилов жаңы трассанын артыкчылыктары катары буларды айтты:  
“Биринчиден, кар көчкү, сел каптоо сыяктуу табият кырсыктары болбойт, анткени трассанын көпчүлүк бөлүгү тегиз жерден өтөт. Экинчиден, бул 2-техникалык категориядагы жол, башкача айтканда, эл аралык стандарттарга жооп берген кенен трасса. Төшөлө турган асфальттын түрү да башкача. Ысык-суукка чыдамдуу, жарака кетпейт, унаалардын жүрүшүнө жеңил болот”. 
Айта кетсек, курула турган жолдун жалпы узундугу 433 чакырым болмокчу. Бул унаа жолу иштей баштаса, өлкө экономикасына ири салым кошула турганын айтты.  
“Мисалы, 1996-жылы Бишкек-Ош жолу реконструкцияланып жаткан учурда Суусамырда 2-3 гана боз үй тигилип турчу. Азыр болсо мейманканалар, май куюучу жайлар курулуп, жарандар бизнес жасап жатышат. Муну менен экономикага зор пайда түшүүдө. Жаңы трассада мындан да жакшы шарттар түзүлөт”,- деп кошумчалады Калилов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан