Ош шаарынын борбордук көчөсүн унаа тыгынынан арылтуу үчүн бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү

Ош шаарынын борбордук көчөсүн унаа тыгынынан арылтуу үчүн бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Мэриянын өнөр  жай жана ишкерликти өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Алик Мырзалиев түштүк борбордогу Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилиши унаа тыгындарына толуп кеткенин айткан. Жол кыймылын жөнгө салуу максатында Ош - Бишкек жана Ош - Чоң-Алай каттамындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар “Аргымак” унаа токтоочу жайына которулду. Аталган унаа жайында бардык шарттар түзүлгөн. Айдоочулар бул чечимге каршы чыгышкан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан