Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо мекемелерине видеокөзөмөл системин орнотуу иштери башталды

Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо мекемелерине видеокөзөмөл системин орнотуу иштери жүргүзүлө баштады. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, учурда №1, 3, 6, 7, 8, 15-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна, студенттер бейтапканасына, Шаардык эндокринология диспансерине, №4-стоматологиялык бейтапканасына, №1-шаардык клиникалык ооруканасына, №1 жана №2-төрөт үйлөрүнө видеокамералар орнотулду. Жалпысынан саламаттыкты сактоо мекемелерине 17 видеокөзөмөл системи орнотулуп, дагы 4 күзөт агенттиги менен келишимдер түзүлдү. Видеокамералар саламаттыкты сактоо мекемелерин кайтаруу, медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо жана медицина кызматкерлеринин коррупциялык аракеттерине бөгөт коюу максатында орнотулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан