Бишкек шаарындагы 53 саунага газ берүү токтотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 10-февралда билдирди.
Ошондой эле Бишкек газ-чарба башкармалыгы 3 мончо, 1 колбаса цехи, 5 тигүү цехи, 11 мейманканага газ берүүнү токтоткон. Буга жаратылыш газын жеткирүү төмөндөп кеткендиги себеп болууда.