Бүгүн, 10-февралда борбор шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелерине видеокамера орнотуу иштери башталды. Мэрия билдиргендей, видеобайкоо системи №1, 3, 6, 7, 8, 15-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, студенттер бейтапканасына, 4-стоматологиялык бейтапканага, №1-шаардык клиникалык ооруканага, №1, №3-төрөт үйүнө жана башка мекемелерге орнотулду. Бул иштин максаты – ооруканаларды кайтаруу, медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо жаан алардын коррупциялык иштер менен алектенишине бөгөт коюу.