Жалал-Абад шаарында 2014-жылы 60 батирлүү эки көп кабаттуу үйдүн курулушу башталат. Бул тууралуу 10-февралда шаардын вице-мэри Тайырбек Чойбеков билдирди. Маалыматка ылайык, аталган үйлөрдүн курулушуна өкмөт 100 миллион сом бөлгөн. Жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сом каралган. Батирлер бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине берилет.