Кыргызстандын Аскер прокуратурасын тез арада оңдоп-түзөө зарыл. Бул тууралуу 10-февралда ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында аскер прокурорунун орун басары Нуркамил Набиев билдирди. Анын айтымында, мекеменин азыркыга чейин өзүнүн имараты жок.
“Оңдоп-түзөө үчүн 1992-жылдан 2007-жылга чейин 1 миллион сом бөлүнгөн. Бишкек гарнизонундагы Аскер прокуратурасы имаратка муктаж. 2000-жылы негизделгенден тартып көзөмөлдөөчү органдын имаратында иш жүргүзүп келет”,- деди ал.
Ошондой эле аталган мекеменин карамагында унаалардын жетишсиздигин айтып, күйүүчү майды кызматкерлер өз чөнтөгүнөн куюп жатышкандыгын кошумчалады.