Орусиянын Москва шаарында кыргызстандык балдарга кыргыз жана орус тили боюнча акысыз сабактар кайрадан өтүлө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда уюштуруучулар маалымдашты.
Маалыматка ылайык, сабактар ар жекшемби күнү саат 11ден 14кө чейин өткөрүлөт. Окуу 16-февралда башталат.
Уюштуруучу "Зирек Club" демилгечи тобу Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин колдоосу менен 2013-жылдын февраль айында ишин баштап, белгилүү себептерден улам сабактар токтотулган эле.