Ош мамлекеттик университетинде окутуучулар үчүн тил курстары ачылды

Ош мамлекеттик университетинде эмгектенген окутуучулар үчүн кыргыз, англис, орус тилдери боюнча 120 сааттык тил курстары уюштурулду. Аларга тил үйрөткөн филологдорго университеттин жетекчилиги атайын каражат бөлүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай иш-чаралар расмий жана эл аралык тилдерди эркин билген Кыргызстандын жаңы муунун калыптандыруу максатында өткөрүлүүдө. 

Ошондой эле билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү педагогикалык кадрлардын мамлекеттик тилде, азыркы мыйзамдардын талаптарына ылайык кыргыз, орус жана чет тилдер боюнча окутуучуларды даярдоо жана алардын кесиптик дасыгын жогорулатууга багытталган. 

Аталган окуу жайда 21-Февраль - Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата бир айлык жарыяланган. Бир айлыктын алкагында дебаттар, тегерек столдор, дил баяндар сынагы, концерттик программалар, китеп көргөзмөлөрү уюштурулууда.             
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан