2014-жылдын 15-февралында Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгы белгиленет. Ага карата Бишкек шаарынын райондорунда майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ооганстандагы согушка 7 миңге жакын кыргызстандык катышкан. Алардын 259у кайтпай калса, 1500дөн ашык жоокер жаракат алган. 500дөйү майып болуп калышкан.