Парламентте мас айдоочуларга айып пулду көтөрө турган мыйзам долбоору каралууда

Бүгүн, 11-февралда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде мас абалында унаа айдагандар үчүн айыпты көтөрүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда. Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртат. Мыйзамга ылайык, мас абалында унаа айдап жүрүп кармалгандарга 10 миң сом айып салынмакчы. “Айыптарды көтөрүү менен эле маселе чечилбейт. “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып, көчөлөргө видеокөзөмөл орнотуу зарыл”,- деди депутат.

Бекешев өлкөдөгү автомектептердин сапатын жакшыртуу да учур талабы экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан