Ош. Билим берүү башкармалыгында коррупцияны жоюу үчүн чаралар көрүлүүдө

Ош шаардык билим берүү башкармалыгында коррупциялык схеманы жоюу максатында иш план иштелип, аталган багытта иш алып баруу үчүн тийиштүү топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына аталган мекеменин жетекчиси Куштарбек Кимсанов маалымдады.

"Мектептер балдарыбызды кабыл албайт. Балаңды мектепке окутуу үчүн акча берүү керек" деген сөздөрдүн негизи бардыр. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт. Бул багытты колго алып, атайын билим берүү башкармалыгынын алдында комитет түздүк. Этиканы сактоо боюнча жобо иштеп чыктык. Аны биз мектептерге, бала бакчаларга жайылтабыз. Иш-чарабыздын негизги максаты - билим берүү тармагындагы мыйзамга жат көрүнүштөрдү жоюу. Качан гана терс иштер орун алгандан кийин чара көрөбүз",- деди Кимсанов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан