“Акчасы аз, жөнөкөй пенсионер унаа айдабайт”,- деди бүгүн, 1-февралда ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде депутат Дастан Бекешев. Жыйында жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду көтөрүү маселеси каралды. Бекешевдин айтымында, айып пулдарды 10 миң сомго чейин көтөрүү каралууда. Төлөө мөөнөтү 1 ай болот. Айрым депутаттар пенсионерлердин айып пул төлөө маселесинде оорчулук болушу мүмкүн экенин айтышты. Бекешев: “Акчасы жок пенсионер унаа айдабайт, анткени күн сайын бензин куюшу керек. Унаасынын бузулган жерин оңдотот. Бир айда айып пул төлөө үчүн акча тапса болот”,- деп билдирди.