2013-жылы Чүй облусундагы жолдорду оңдоо үчүн 309,2 миллион сом багытталган

2013-жылы Чүй облусундагы жолдорду оңдоо үчүн 309,2 миллион сом багытталган. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн жыл жыйынтыгын чыгарган отурумунда белгилүү болду. 

Каражаттын 81 миллион сомуна 16 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. 95 чакырым жолдун бетин тегиздөөгө 55,8 миллион сом, чуңкурларды толтурууга 42,9 миллион сом жана башка чыгымдарга 129 миллион сом сарпталган. 

2013-жылда Бишкек - Ош, Бишкек - Нарын - Торугарт, Чалдыбар - Бишкек - Кемин жолдору оңдолуп, тиешелүү белгилер коюлган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан