Бүгүнкү күнгө чейин Ак-Жар жаңы конушу мыйзамдаштырыла элек. Болжол менен ал жакта 2168 үй жана 14 миңге жакын адам жашайт. Алардын социалдык жана экономикалык укуктары бузулуп жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы бүгүн, 11-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, конушта мектеп жок. Мындан улам 305 бала коңшу жайгашкан Келечек, Ак-Бата жаңы конуштарындагы мектептерге барышса, 700дөй бала шаардын мектептеринде окушат. Ошондой эле медициналык пункт жок. Жаңы конуштун көпчүлүк жашоочулары башка жакка барышып дарыгерлерге кайрылышат. 2013-жылы бул конушта 356 бала жарык дүйнөгө келген.