Ош. Окуучулар арасында "Кыялымдагы өнүккөн Кыргызстан" аттуу дил баяндар сынагы жарыяланды

2014-жыл - Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата Ош шаардык билим берүү башкармалыгында иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда аталган мекеменин жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди. 

Анын айтымында, мектеп, бала бакчалардан келип түшкөн сунуштун негизинде план иштелип чыгып, атайын жумушчу топ түзүлөт. Мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө мугалимдердин, мектеп окуучуларынын арасында өз-өзүнчө сынактар өткөрүлөт.

"Эгерде жетекчи болсом, өлкөм үчүн кандай жумуштарды аткара алат элем?" деген тема боюнча 9-11-класстар, "Кыялымдагы өнүккөн Кыргызстан" аттуу тема боюнча дил баяндар сынагына 5-8-класстардын окуучулары катышат. Ошондой эле башталгыч класстын окуучулары үчүн "Менин сүйүктүү шаарым" аталышындагы тема берилген. Сынак "Менин кыргыз мамлекетине кошкон үлүшүм" деген жыйынтыктоочу баскыч менен ноябрь айында бүтөт",- деди Кимсанов.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан