Бүгүн, 11-февралда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн чоң жыйындар залында 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча облустук коллегия өтүп жатат. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Коллегияга вице-премьер-министр Камила Талиева, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, билим жана илим министринин орун басары Гүлнара Тагаева, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубали Төрөмаматов катышты.
Өтүп жаткан коллегияда 2013-жылдагы облустун социалдык-экономикалык, өнөр жай, маданият, спорт жана башка тармактары боюнча жыйынтыктары каралууда.