Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети бүгүн, 11-февралда “Кыргызстандагы илимдин жана инновациянын абалы, алардын өнүгүү келечеги” деген темада парламенттик угуу өткөрдү.
Төрага Асылбек Жээнбеков илимге мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулбай жатканын айтты.
“Мамлекетке кандай программа керек? Бийлик да, илимий чөйрө да бир багытта болушу зарыл. Мындай багыт Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясында коюлган максаттар аркылуу белгиленген. Стратегияны ишке ашыруудагы илимдин ордун өкмөттүн программасында аныктоо керек. Мамлекеттик буйруктун негизинде жасалган илимий жетишкендиктер, ачылыштар мамлекет тарабынан колдоого ээ болуп, иш жүзүнө ашырылып, мамлекетке, коомго кызмат кылышы кажет”,- деди төрага.
Жээнбеков илимпоздорду өлкөбүздө болуп жаткан процесстерге активдүү катышып, сунуштарын билдирип турууга чакырды.