Жалал-Абад облусунда аз камсыз болгон 40 миң үй-бүлө жөлөк пул алат

Жалал-Абад облусунда аз камсыз болгон 40 миң үй-бүлө жөлөк пул алат. Бул тууралуу бүгүн, Жалал-Абад облустук коллегиялык жыйында социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө 114 263 бала жашайт. Өткөн жылы жөлөк пулдун көлөмү 640 сомго чейин көтөрүлгөнүн белгилеп, быйыл аны 705 сомго чейин жеткирүү пландалып жатканын кошумчалады.

"16 294 800 сом акча каражаты компенсация үчүн каралган. Жалпысынан облус боюнча 7545 адам компенсация алат. Улуу Ата Мекендик согуштун 219 ардагери 3 миң сом өлчөмүндөгү президенттик стипендия алышат. Бардыгы болуп стипендия үчүн бюджеттен 8 770 900 сом талап кылынат”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан