Жалал-Абад шаарында мэриянын 2014-жылга карата бюджети боюнча коомдук угуу болду

Бүгүн, 11-февралда Жалал-Абад шаарында мэриянын 2014-жылга карата бюджети боюнча коомдук угуу болду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, муниципалдык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Болжолдуу бюджет боюнча коомдук уктуруу ушул айдын башында, 3-февраль күнү да өткөрүлгөн. Шаар мэриясы “Укуктук мейкиндик” коомдук фонду менен биргеликте уюштурган жыйындын катышуучуларына болжолдуу бюджеттин долбоору чагылдырылган атайын маалымат баракчалары, усулдук китепчелер таратылды.

Шаардык кеңештин төрагасы Муратаалы Тагаев баш болгон жетекчилер, суроо-жооптордун негизинде талкууга алынган кошумча сунуштар боюнча шаардык кеңештин депутаттары тиешелүү иш жүргүзүшөрүн кеңештин төрагасы белгиледи. 

Жалал-Абад шаардык жергиликтүү бюджеттин ачык-айкындуулугун жолгорулатуу долбоорунун ассистенти Султанбек Каракожоев мындай уктуруунун негизги максаты бюджетти калк үчүн ачык-айкын жана маанилүү маселелерди биргеликте калктын пайдасына чечүү экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан