Каныбек Осмоналиев: “Кыргызстанда Улуттук илим фонду жок”

“Кыргызстанда Улуттук илим фонду жок”,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев бүгүн, 11-февралда өлкөдөгү илим менен инновациянын абалы талкууланган парламенттик угууда. Муну менен депутат ММКларга жарыяланган Улуттук илим фондунун жыйынын өткөрүү жөнүндөгү маалыматты жалганга чыгарды.

Осмоналиевдин айтымында, 2011-жылы Жогорку Кеңеш өкмөткө илим менен инновациянын мамлекеттик фондун түзүү тапшырмасын берүү менен токтом кабыл алган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин мындай фонд түзүлө элек.

Ал токтомго ылайык, илим менен инновациянын мамлекеттик фондуна илимий ачылыштарды каржылоого мүмкүнчүлүк түзө турган бюджеттик, гранттык каражаттар, инвестициялар, насыялар тартылышы керек болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан