Жогорку Кеңеште казинолорду ачуу боюнча мыйзам кайрадан талкууга коюлду. Маселе Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында каралууда. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Игорь Гусаров “Казинолордун иштешине тыюу салынганына 2 жыл болуп калды. Бирок мамлекет оюн автоматтары менен мыйзамсыз иштеген казинолорду жок кыла алган жок” деп билдирди.
Анын айтымында, аталган оюн жайларынын жоюлганынан бюджет 550 миллион сомун жоготкон. “Казинолордун жабык акционердик коом катары иштөөсүн киргизип, көзөмөлдү күчөтүү керек. Алардын кирешесинин 50 пайызы мамлекетке түшөт. Жеке менчик катары иш алып барууга болбойт”,- деди Гусаров.