Ош шаарында жашоочулардан келип түшкөн арыздардын негизинде көчө иттерин атуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Спецавтобаза" муниципалдык ишканасынын башчысы Искендер Жороевдин айтымында, күн сайын эртең менен саат 7:00дөн кечки 20:00гө чейин атайын ыкчам топ 20га жакын көчө итин атып өлтүрүүдө. Эскерте кетсек, буга чейин Жапалак аймактык башкармалыгынын жана Төлөйкөн кичи районунун тургундары ушундай эле арыз менен кайрылышкан. Эми аталган аймактарда да иттерди жок кылуу иштери жүргүзүлөрү маалым болду.