Опера жана балет театры 60 жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтө элек

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 60 жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтө элек. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда театрдын башкы директору Тимур Саламатов билдирди. Анын айтымында, имараттын суу түтүктөрү, электр жабдыктары, техникалык абалы эскирген.

“Опера жана балет театрынын курулганына 60 жыл болду. Андан бери бир дагы капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргөн эмес. Жарык берүүчү каражаттар, көшөгөлөр көптөн бери алмаштырыла элек. Мындан улам театрды заманбап кылып жаңылашыбыз керек”,- деди Тимур Саламатов.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан