Бишкекте “Эркектердин урологиялык ден соолугунун жумалыгы” акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-февралда урологиялык оорулары менен 777 эркек кайрылган. Алардын 43үнүн гана ден соолугу чың болгон.
Аныкталган оорулардын тизмеси:
Өнөкөт простатит – 383;
Предстаталык бездин түбү кайырдуу гиперплазиясы – 148;
Өнөкөт пиелонефрит – 70;
Заара жолдорундагы таштын пайда болуусу – 30;
Тукумсуздук – 21;
Сарык оорусу – 9;
Варикоцеле – 14;
Гидроцеле – 7;
Уретрит – 29;
Энурез – 3.
Эске салсак, Бишкектеги бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, студенттердин жана куруучулардын поликлиникаларында урология ооруларына кабылган эркектер акысыз маалымат алып жана дарылана алышат.