2013-жылы 9 ай ичинде Орусиядагы мекендештерибиз 1,42 миллиард доллар которушкан

2013-жылдын 9 айында Орусиядан КМШ өлкөлөрүнө болгон акча которуулар 20 пайызга өскөн. Акча которуу боюнча Өзбекстан биринчи орунда турат. Ал өлкөнүн жарандары өткөн жылдын 3 кварталында Орусиядан өз өлкөсүнө 5,443 миллиард доллар которушкан. Украина – 2,709 миллиард доллар, Тажикстан – 2,708 миллиард доллар, Кыргызстан – 1,42 миллиард доллар, Казакстан – 254 миллион доллар. Бул тууралуу айрым орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, орусиялыктардын эмгек акысы өткөн жылы болгону 10 пайыз өсүштү көрсөткөн. Мындан улам айрымдары “Эмне себептен мигранттардын кирешеси эки эсе өсүп жатат?” деген суроонун үстүндө убара. Буга орусиялык экономисттер: “Жумуш берүүчүлөр жумуш күчүн үнөмдөөгө аракет кылып жатышат. Буга байланыштуу көпчүлүгү эмгек акыны аз төлөш үчүн мигранттарды жумушка алышууда. Бул жумушчулардын көпчүлүгүн мигранттар түзөт дегенди түшүндүрөт” деп жооп беришүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан