Январь айында өлкөдө ун, нан жана этке болгон баа кымбаттаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети маалымдады.
Маалыматка ылайык, жалпы керектөөчүлөр баасынын өсүшү жалпысынан 0,5 пайызга барабар болгон. Ун - 0,2 пайыз, нан - 0,6 пайыз, эт 0,9 пайызга кымбаттаса, жер-жемиштердин баасы 3,3 пайызга өскөн. Ал эми сүт азыктарынын баасы 1,9 пайызга жогорулаган. Өткөн айдагы баалар боюнча эң жогорку көрсөткүчтөр Жалал-Абад облусунда катталган.