Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев баштаган депутаттар бүгүн, 11-февралда А.Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрынын чыгармачыл жамааты менен жолугушту.
Театрдын башкы директору Тимур Саламатовдун айтымында, театрдын абалы өтө оор. "Катардагы балет артисттеринин маянасы 5 миң сом. Социалдык маселелер чечилбей, иштөө шарты жакшырбагандыктан, жаштар өздөрүнүн сүйгөн өнөрүн таштап кетип жатышат. Ошондон улам жамаатта нааразычылыктар да бар",- деди ал.
Каныбек Осмоналиев: “Комитетте “Маданият жөнүнө”, “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамдардын аткарылышы боюнча маалыматтар угулду. Театрлардын абалы да биздин көзөмөлдө турат. Опера жана балет театрынын абалы менен жеринен таанышып, жамааттын пикирин угалы деп келип отурабыз”,- деп билдирди.
Жолугушуу жыйынтыгында өкмөт өкүлдөрүнө аталган театрдын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, артисттердин чыгармачылык жана социалдык шарттарын оңдоо тапшырмасы берилди.