Бишкек шаарында 2014-жылдын январь айында ымыркайлардын төрөлүшү 2013-жылдын январь айына салыштырмалуу 10,5 пайызга өстү. Муну бүгүн, 11-февралда Бишкек мэриясына караштуу Саламаттыкты сактоо департаменти билдирди. Маалыматка таянсак, бул айда ымыркайлардын өлүмү 4,3 пайызга кыскарса, энелердин өлүмү катталган жок.