Бишкектеги мектептерде кылмыштуулукту азайтуу үчүн түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

11 кишиден турган Бишкектин Свердлов райондук администрациясынын атайын комиссиясы мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Иш-чара №46, 12, 45 жана 4-орто мектептерде өттү. Жыйындарга ата-энелер, окуучулар, мектеп жамааты катышып жатканын билдирди мэриянын маалымат кызматы.

Иш-чарада адистер өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук боюнча жоопкерчилик, өспүрүмдөрдүн укуктары, милдеттери, балдарды тарбиялоодо ата-энелердин милдеттери жана жоопкерчилиги жөнүндө кеңири баяндама беришти. Комиссия райондук билим берүү борборуна түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү райондун бардык мектептеринде уюштурууну, социалдык педагогдор, психологдор менен биргелешип иш алып барууну сунуш кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан