Ушул калыпта кете берсе, жакында Кыргызстанда классикалык көркөм өнөр жоголуп кетиши мүмкүн. Муну 11-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары менен чогуу А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрына барган маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев билдирди.
Министр көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан жамаат ичиндеги талаш-тартыштардын түбү акчанын тартыштыгына такаларын айтат. “Биз өкмөткө театрларды каржылоону жакшыртуу маселесин койдук. Опера жана балет театрынын артисттеринин маянасын көбөйтүп, эскирип бүткөн жабдууларын алмаштырбасак, жакын арада классикалык көркөм өнөрдөн айрылып калышыбыз мүмкүн”,- дейт Раев.
Айта кетсек, аталган театрда 500дөй кызматкер эмгектенет.