Парламент: Бүгүн оор кылмыштарды кечирбөө тууралуу мыйзам долбоору 3-окууда каралат

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүндөгү чекти алып сала турган мыйзам долбоору 3-окууда каралат. 

Өмүрбек Текебаев демилгелеген бул мыйзам долбоору биринчи жана экинчи окууда парламентте чоң талаш жараткан. Депутаттар бири-бирине ачуу сөздөрдү айтышып, добуш берүүдө каршылары залдан чыгып кетишкен. 

Эскерте кетсек, 15-январда "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган адамды кайсы убакыт болбосун, жоопко тартууга мүмкүнчүлүк бере турган бул мыйзам долбоорду депутаттар колдобой коюшкан. 

Бирок эртеси көпчүлүк депутаттар ордуна башка депутат добуш бергенин, мыйзам долбоорун кайра добушка коюуну айтып чыгышкан. 23-январда кайрадан добуш берүү болуп, долбоор өттү. Каттоодон 64 депутат өтүп, 58и "макул", 6сы "каршы" деп добуш беришкен. Кимдер “каршы”, кимдер “макул” деп добуш бергени бул жакта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан