11-февралда Бишкектеги Октябрь районунун акими Камалидин Токтосартов “Энергоремонт” ЖАКынын башкы директору Бексултан Осмонов жана “Кум-Шагыл” ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Владимир Попов менен жолугушту.
Бексултан Осмонов менен жолугушууда 2013-жылы энергетика жабдууларын оңдоо боюнча аткарылган иштер талкууланып, 2014-жылы аткарылуучу иш-чаралар, өндүрүштүн көлөмүн өстүрүү маселелери каралды. Осмонов энергетика жабдууларын оңдоо цехи жана ишкананын тендерлерге катышуу боюнча максаттары жөнүндө маалымат берди. “Кум-Шагыл” ишканасынын өкүлү Попов менен жолугушууда ишкананын ишмердигин жогорулатуу, өндүрүштүн көлөмүн кеңейтүү маселелери талкууланды.