Боом капчыгайында жараат алган Жол-кайгуул кызматынын инспекторуна жасалган операция ийгиликтүү өттү

Ысык-Көл облусунун Боом капчыгайында кылмышка шектүүлөрдүн огунан жараат алган Жол-кайгуул кызматынын инспектору Аскарбек уулу Таштанбекке жасалган операция ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу 11-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарадар кызматкер 10-февралда Балыкчы шаарынын аймактык ооруканасынан Бишкектеги №4-шаардык ооруканага алынып келинген. Ага эки ок тийип, бири оң далынын жана кабырганын ортосунда, экинчиси кыр арка сөөгүнүн бел бөлүмүндө табылды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги: “Сабырбек Жумабеков денеден окторду чыгаруу боюнча операцияны ийгиликтүү өткөрдү. Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатат”,- деп маалымдайт. 

Эскерте салсак, 9-февралда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектелгендердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. 10-февралда саат 18:00 чамасында алар Токтогул шаарынан чыга бериш жердеги “Бабур” кафесинин жанында өлтүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан