Чүй облусундагы экономика жана социалдык тармактарды жакшыртуу үчүн өткөн жылы 15 миллиард сом керектелген

Чүй облусундагы экономика жана социалдык тармактарды жакшыртуу үчүн өткөн жылы 15 миллиард сом керектелген. Бул 2012-жылга салыштырмалуу 20,5 пайызга көп. 
Бул тууралуу 11-февралдагы облустук өкүлчүлүктүн жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясында белгилүү болду. 
Маалыматка ылайык, капиталдык салымдардын басымдуу бөлүгү өнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган. Анын 369,3 пайызы Москва районуна, 131,7 пайызы Кемин районуна бөлүнгөн. 
Капиталдык салым боюнча өсүштү көрсөтпөгөн райондорго Сокулук – 15,1 пайыз, Ысык-Ата – 68,8 пайыз, Панфилов – 76,5 пайыз, Жайыл – 80,6 пайыз, Чүй – 83,9 пайыз жана Токмок шаарында 79,1 пайызды түзгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан