Айвазовскийдин сүрөтү уурдалган музейдин жетекчилигине жана кызматкерлерине сөгүш жарыяланды

11-февралда Иван Айвазовскийдин сүрөтү уурдалган Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин жетекчилигине жана кызматкерлерине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сүрөттү уурдоо фактысын териштирүүнү жүргүзгөн комиссиянын жыйынтыгынын негизинде музейдин башчысы Юристанбек Шыгаевге, анын орун басары Михаил Шевчук жана музейдин башкы сактоочусу Айгүл Мамбетказиевага сөгүш жарыяланды.

Маданият министри Султан Раевдин айтымында, музейдин башкаруу системи начар абалда. "Сүрөттү уурдоо боюнча мекеменин күнөөлүү кызматкерлери жазаны алышы керек",- деди министр.

Эске салсак, 2013-жылдын 26-декабрында Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Иван Айвазовскийге таандык сүрөт уурдалган. Ал “Крымдагы деңиз пейзажы” деп аталат. Сүрөт музейдин 2-кабатындагы Орус көркөм сүрөт залында илинип турчу. 2014-жылдын 31-январдында сүрөттү уурдаган адам милицияга келип, өз күнөөсүн мойнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан