Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында депутаттар Ахматбек Келдибековдун ден соолугун текшерүү үчүн түзүлгөн комиссиянын маалыматын угууну талап кылышууда. Бөдөш Мамырова: “Саламаттыкты сактоо министрлиги комиссия түзгөн. Бирок ал комиссия Келдибековдун ден соолугун текшербей туруп, “абалы жакшы, СИЗОго алып кетүүгө болот” деп чечим чыгарып берген. Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул боюнча маалымат угалы”,- деди.
Мамырова СИЗОнун өкүлдөрү Келдибековду дарылоого каршы чыгып жатканын айтты.
“Адам укуктары боюнча декларацияга кол койгон мамлекет катары өз милдеттерибизди аткара албай жатабыз. Келдибековду СИЗОго алып кетүү боюнча төртүнчү жолу аракет жасалып жатат”,- дейт депутат.