Курмантай Абдиев: “Депутаттык топтордун статусун фракциялар менен комитеттерге теңөө туура эмес”

“Парламенттеги депутаттык топтордун статусун фракциялар менен комитеттерге теңөө туура эмес”,- деп билдирди ЖКнын 12-февралдагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев. Айтымында, депутаттык топторду түзүү маселеси Конституцияда каралган эмес. 

“Топтордун позициясы ар дайым туруктуу боло бербейт, кырдаалга жараша өзгөрүп турушу мүмкүн. Булардын укугун кеңейтсек, парламентте ойнооктук күчөй баштайт. Анын үстүнө топтордун түзүлүшү Конституциялык палатада каралып бүтө элек. Ушул жагдайларды эске алуу зарыл”,- деди депутат.

Айта кетсек, депутат Хажимурат Коркмазов демилгелеген мыйзам долбоору депутаттык топтор кабыл алган чечимдерди палатага сунуштоого жол ачат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан