Бүгүн, 12-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына “УКМКнын кызматкерлери кечээ депутат Ахматбек Келдибековго эч кандай кысым көрсөтүшкөн эмес” деп билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-февралда кечке жуук УКМКнын кызматкерлери №4-шаардык ооруканага келип, Келдибековду мыйзам чегинде СИЗОго алып кетүүгө аракет кылышкан. Депутатка жана анын адвокатына “Келдибековдун абалы жакшы, СИЗОго алып кетүүгө болот” деген дарыгерлердин тыянагы көрсөтүлгөн.
"Бирок депутаттын адвокаты чуу жаратып, Келдибековду СИЗОго алып кетүүгө тоскоолдук кылды. Бүгүн №4-шаардык оорукананын дарыгерлери депутат боюнча чечим чыгарат. Кайсы убакта экени азырынча белгисиз",- деп маалымдайт УКМКнын басма сөз кызматы.
Эске салсак, кечээ социалдык тармактарда Бишкектеги №4-шаардык ооруканада депутат Ахматбек Келдибековду белгисиз адамдар курчоого алып, палатага эч кимди киргизбей, бирөөнү күтүп турушканы жарыяланган. Келдибековдун аялы Аида Токтоматова келген кишилердин ким экендиги белгисиз жана учурда алар депутат менен сүйлөшүп жатышканын айткан.