Парламент: Депутаттык топтордун статусун көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун кароо токтотулду

Парламентте бүгүн, 12-февралда депутаттык топтордун статусун көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун кароо токтотулду. Көпчүлүк депутаттар депутаттык топтордун түзүлүшү Конституцияга каршы келе турганын айтышты. Курмантай Абдиев: “Булар статусун көтөргүсү келип жатса, бир топ болуп биригишсин. Бириге алышпайт, экөөсү бир жакты, үчөөсү башка жакты карайт. Булардын укугун кеңейтсек, парламентте баш аламандык башталат. Кийинки парламентке келчү депутаттарды да ойлойлу”,- деди.

Айта кетсек, аталган мыйзам долбоорун депутат Хажимурат Коркмазов демилгелеп чыккан. Ал кайсы бир маселелер боюнча депутаттык топтор кабыл алган чечимдерди палатага сунуштоого жол ачат.

Депутат Надира Нарматова демилгечиге “Кыргызстанда мындан башка да олуттуу маселелер көп” деп сын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан