Дүйнөлүк банк билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 16,5 миллион доллар каражат бөлгөнү жатат. ЖКнын 12-февралдагы жыйынында билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун билдиришинче, бул каражаттын 9,1 миллион доллары насыя, 7,4 миллион доллары грант түрүндө берилет.
“Насыя 40 жылдык мөөнөт менен берилгени жатат, бул жылдар аралыгында биз 1 миллион 700 миң доллар үстөк пайыз төлөйбүз. Каражатка окуу куралдары чыгарылып, керектүү жабдуулар сатылып алынат. Мугалимдердин билим тажрыйбасын жогорулатуу жагы да каралууда”,- деди министр.
Жыйында аталган каражатты алууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат.