Касен Асизов өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды

Касен Асизов өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. 

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 12-февралда билдирди.

Касен Асизов 1960-жылы Нарын облусунун Кочкор айылында жарык дүйнөгө келген. 1982-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтту аяктаган. 

Буга чейин ал Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп иштеп келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан