Укук коргоочулар: "Күйөөм башка өлкөдө, акча жөнөтпөйт, чалбайт" деп кайрылган аялдардын саны көбөйүүдө"

2014-жылдын башынан тартып, тагыраак айтканда, 2 ай ичинде “күйөөм башка өлкөгө акча табуу максатында кетип, акча жөнөтпөйт, чалбайт” деп Ош шаарынан 4 айым “Мыйзам жана тартип” коомдук фондуна кайрылышкан. 2013-жылы бул көрсөткүч 20га барабар болгон. Бул тууралуу 11-февралда “Эдвокаси” укук коргоо борборунан билдиришти.

Коомдук фондунун кызматкери Хафиза Махмудованын айтымында, фондго жардам алууга бир гана Оштон эмес, алыскы айылдардан да келишет. Алар жумуш табуу, балдарын окутуу сыяктуу маселелери менен кайрылышат.

“Акча табууга башка өлкөлөргө кеткен күйөөлөр өзү жөнүндө кабар бербегендигинин себептери ар кандай болот. Эгер аял күйөөсүнүн ата-энесинин үйүндө калса жакшы. Бирок балдары менен жашоого каражаты жок калган айымдар да бар. Алардын саны көбөйгөнү өкүнүчтүү”, - деди Махмудова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан